Аксакалдар сотторунун кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
“Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
42-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик
органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына
өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 21-пунктунун
5-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик
агенттиги (мындан ары – Агенттик) жөнүндө жобого ылайык, буйрук
кылам:
1. Аксакалдар сотторунун кеңеши жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык
бекитилсин.
2. Аксакалдар сотторунун кеңештерин түзүүдө жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарына ушул Жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым
укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү
мамлекеттик
администрациялар Аксакалдар сотторунун кеңеши жөнүндө Жобону
сайттарга жайгаштырууну уюштурууга көмөк көрсөтсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү
бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Президентинин
облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, жергиликтүү
мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын
мэрияларына жана шаардык кенештерине жиберсин.
5. Финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү ушул
буйрукту Агенттиктин расмий сайтына жарыяласын.
6. Укуктук камсыздоо бөлүмү ушул буйрукту Агенттиктин сайтына
жайгаштырылган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде эки нускадагы
көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук
түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен
аны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине
жиберүүну уюштурсун;
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Агенттиктин директорунун
орун басары Э.Н. Иргебаевге жүктөлсүн.
8. Бул буйрук Агенттиктин расмий сайтына жайгаштырылган күндөн
тартып күчүнө кирет